Алмазбек Исманкулов ижарага алган имаратты бошотту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 14-апрелде маалымат каражаттына билдирди.
Анын айтымында, Исманкулов имаратты гана бошотпостон, мамлекетке 29,5 миллион долларды төлөп бериши керек.
«Исманкулов имаратты бошоту, бирок мен анын имаратты бошотушун гана эмес, анын медициналык жабдууларын мамлекетке өткөрүп, мамлекетке 29,5 миллион доллар төлөп беришин каалайм», - деди ал.
Бирок министрдин айтымында, текшерүүнү укук коргоо органдары жүргүзөт.
«Маселени укук коргоо органдары чечет. Мен баарын ачык айткым келет. Бир жумушту баштасам, аягына чыгарам. Эгер мени кызматтан кетиришсе да балким кетиришпейт, мен акыйкаттын орношуна кепилдик берем. 29,5 миллион долларды мамлекет эмес, насыя алып, эң бай адамдардын катарына кирген адам төлөшү керек», - деди министр Бейшеналиев.
Буга чейин Бишкек мэриясы Алмазбек Исманкуловдун клиникасы менен ижара келишимин бузган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдон имаратты бошотууну талап кылган.