У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда пенсияга эрте чыгууга тыюу салуу сунушталууда…


 Кыргызстанда пенсияга эрте чыгууга тыюу салынат. Бул тууралуу пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угууда Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.
 
Анын айтымында, пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу үчүн бир нече реформалар сунушталууда.
 
«Эрте пенсияга чыгууга тыюу салуу пландалууда. Ал эми бийик тоолуу райондордун да шарттарды өзгөртүү каралууда. Мисалы, үч баланын энеси мурда 45 жашында пенсияга чыкса, бул жашты 48ге көтөрүүнү сунуштайбыз. Бул жашоонун узактыгынын жогорулашына байланыштуу”, -дейт Гүлнара Жуматаева.
 
Азырынча пенсияга чыгуу курагы көтөрүлө элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter