У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекеттик катчы окуу мекемелерине дин таануу сабактарын киргизүүнүн зарылдыгын белгиледи


 Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 26-октябрда, 2021-2026-жылдарга өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын бет ачарына катышты. 
 
Иш-чарада Сүйүнбек Касмамбетов 2021-2026-жылдарга өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын негизги жоболорун кыскача айтып, окуу мекемелерине дин таануу жөнүндө сабактарын киргизүүнүн зарылдыгын белгиледи. 
 
Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровдун 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө, Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпай турганын айтканын эске салып, дин тутуу эркиндиги өлкөнүн конституциясы тарабынан кепилденгенин, ага ылайык эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү болуп эсептелбесин, ошондой эле ар бир жарандын каалаган динди кармануу же такыр эле карманбоо укугу корголорун кошумчалады. 
 
«Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугу бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзүү менен аныкталат. Эч бир дин чектөөгө алынбайт — бул конституцияда так жазылган», — деп билдирди Мамлекеттик катчы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter