1780 сом пенсиянын базалык бөлүгү, бирок пенсиянын өлчөмү эмгек стажына жана Социалдык фондго чегерүүсүнө жараша болот. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында.
Анын айтымында, жарандар эң аз 2,5 миң сом менен пенсияга чыгышат.
«5600 сом – пенсионердин жашоо минимуму. Жалпысынан өлкө жарандарынын жашоо минимуму 6200 сомду түзөт», - деди ал.
Депутат Жаныбек Кыдыкбаев пенсионерлердин жашоо минимумун жогорулатуу зарыл деп эсептейт.
"Биз ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Октябрь айында 50% жогорулатуу каралууда. Эмдиги жылы да өсүш боло турган болсо, анда биз аны ушул минимумга жеткиребиз”, - деди Соцфонддун жетекчиси.