У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сотко күч менен алынып келинген Атамбаевдин абалы оорлошуп ал кайра абакка жеткирилди


Мурдагы Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча соттук отурумга 23-мартта Биринчи Май райондук сотуна алынып келинди.
 
Адвокат Замирбек Жоошевдин айтымында, Атамбаев унаадан түшүүдөн баш тарткан.
 
«Ал унаадан түшүүдөн баш тартып жатат. Себеби Атамбаев аба ырайына ылайыктуу кийинген эмес. Ал бир футболка менен жүрөт. Аны ич кийимчен камерадан күч менен алып чыгышкан. Атамбаевди сырткы кийими жок карга сүйрөгөнгө сакчылардын укугу бар беле? Албетте, жок. Анткени Атамбаевдин ооруп жатканын тастыктаган №47 колониянын башкы дарыгеринин каты бар. Ал катта Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумга катыша албайт деп жазылган»,-деп Жоошев билдирди.
 
Анын айтымында, №47 колониянын башкы дарыгеринин корутундусунда Атамбаевдин жүрөгү жана омуртка сөөктөрү ооруп жатканы жазылган. Оорусуна байланыштуу ал соттук отурумдарга катыша албайт.
 
«Бул маалымат прокурорлорго белгилүү. Тиешелүү прокурорлор бул жерге келип Атамбаевдин укугун коргош керек. Аны тез арада № колонияга жеткирүү керек», - деди жактоочу.
 
Натыйжада Атамбаев кайра №47 абакка жеткирилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter