Замир Жоошев: Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурлап алып келишти
- 23.03.2022, 15:20,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилгенин анын жактоочусу Замир Жоошев 23-мартта билдирди.
Анын айтымында, Атамбаевди сотко мажбурлап алып келишкен. Ал 2019-жылы болгон Кой-Таш окуялар боюнча соттук жыйынга катышат.
«Анын ден соолугунун абалы начар экендигине, аны медициналык эксперттердин корутундусу тастыктаганына карабастан аны күч менен сотко алып келишкен», - деди жактоочу Жоошев.