У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мас абалында унаа айдагандарды айдоочулук укуктан ажыратуу сунушталууда. Жаӊы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

  
Ички иштер министрлиги жол эрежесин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Тиешелүү документ министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлду. 
 
Министрликтин маалыматы боюнча, 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргызстанда 32 миң 369 жол кырсыгы расмий катталып, андан 4 миң 6 адам каза болуп, 49 миң 639у ар кандай жаракаттарды алышкан. Айдоочулардын күнөөсү менен 28 миң 142 жол кырсыгы катталып, жалпы кырсыктардын 86,9 пайызын түздү.
 
Жол кырсыктарынан каза болгондордун дээрлик 70 пайызы эң активдүү эмгекке жарамдуу курактагы (25-40 жаш) адамдар.
 
Бир жыл ичинде кайра-кайра жол эрежесин бузгандар, анын ичинде мас абалында унаа айдагандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда. Ошондой эле жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочунун жоопкерчилигин жогорулатуу каралган.
 
Мыйзамда жыл ичинде жол эрежесин бир жыл ичинде бир нече жолу бузган айдоочу алты айга айдоочулук укугунан ажыратылары айтылат. Айдоочунун мас абалында экспертиза жүргүзүүдөн өтүүдөн баш тартуусу беш жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратууга алып келет.
 
Ушундай эле жаза күнөөлүү адам материалдык зыян келтирген же адамдын ден соолугуна зыян келтирген (байкоосуздуктан) болгон кырсык үчүн да сунушталууда.
 
Ошол эле учурда айдоочунун алкоголдук, баңги каражаттарын, психотроптук жана башка мас абалында болгон транспорт каражатын айдоосу (эгер эреже бузуу бир нече жолу катталса) 10 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратууга алып келет.
 
Ички иштер министрлиги белгиленген ылдамдыктан ашкандар үчүн айыптын көлөмүн 20 миң сомго чейин көтөрүүнү көздөөдө. Азыр бул мыйзам бузуу 7500 сомго бааланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter