У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров: Эл жөлөкпулду эмнеге жумшап жатканын билишибиз керек


Элибиз телефон менен ушакташууга 20 млрд. сом коротууда.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарынын башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди.
 
Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына кайрылып, инвентаризациялоо иштери башталганына үч жылдан ашканына карабай, бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй жатканын айтты.
 
"Бир мисал келтирейин, Кыргызстанда 10дон ашуун уюлдук компания иштейт. Тамаша иретинде айтканда, жылына 20 миллиард сомду сүйлөшүүгө, ушакташууга коротуп жатабыз. Телефондун айынан пейлибиз бузулуп баратат, элден ырк да кетти. Телефон иш үчүн эмес, шыбаш үчүн эле керек болуп калдыбы деген ой келет. Бул да чындык болуп бараткандай. Биз эл пособиени азык-түлүк, кийим-кече алууга колдонуп жаткан-жатпаганын билишибиз керек. Эгер телефонго коротуп атса аны көтөрүүнүн кажети барбы же жокпу, карап көрүш керек", — деди Жапаров.
 
Анын айтканына караганда, жөлөкпул төлөөгө жылына 7,5 миллиард сом бөлүнөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter