У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек ЖЭБинин от казандары жеке компанияга берилет


     
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен жеке компания Бишкек ЖЭБинин от казандарын тейлейт деген чечим кабыл алынган. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко фейсбук баракчасында жарыялады.
 
Депутаттын билдиргенине караганда, министрлер кабинети "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна «Hampton Resources Limited» аттуу компания менен келишим түзүүгө буйрук берген. Ал Бишкек ЖЭБинин от казандарын тейлеп гана тим болбостон, казак көмүрүн да ЖЭБге жеткирет.
 
Эл өкүлү: «Кайдагы аты-жыты белгисиз, кадыр-баркы шек жараткан жеке компания стратегиялык объекттеги от казандарга кызмат кылабы?»,-деген суроону берген. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter