У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлерге айлык бербөөнү сунуштады


Кечээ, 24 июнда Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын бербөө сунушун киргизди. 

“Эми Өзгөчө кырдаалдар министрине тапшырма берели. 10 күндүн ичинде дүйнөнүн каалаган бурчуна учак жиберип, вакцинаны жеткирүү керек. Канча дарыгер эмдөөдөн өттү? Эмне үчүн медициналык кызматкерлер арасында оорулардын саны өсүүдө?  Вирусту токтотуу үчүн эмдөөнүн ыктыярдуу жана мажбурлоо жолдорун киргизели. Саламаттык сактоо министрлиги өзү эмдөөдөн өтпөй жатса, биз эмне кылабыз. Врачтар улам-улам ооруп жатпайбы. Калган армия, Ички иштер министрлиги сыяктуу жалпы 368 миң кызматкер эмдөөдөн өтпөсө "айлык албайсыңар" деш керек. Менин ушул сунушумду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм”, - деди Жапаров.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter