Өсөрова: Тажикстандын аскерлери Лейлектен чыгарылды деген маалымат жалган
- 01.05.2021, 13:37,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова "Азаттыкка" тажикстандык аскерлер дагы деле Лейлекте экенин билдирди.
Анын айтымында, коңшу өлкөнүн аскерлери чыгарылды деген маалымат чындыкка туура келбейт:
"Мен азыр Көк-Ташта турам. Тажик аскерлери чыккан жок. 100% турат. Алар Төрт-Көчөнү тосту. Лейлекке өтүү мүмкүн эмес",-деп билдирген «Азаттыкка» Өсөрова.