У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арадагы башаламандык боюнча эки кылмыш иши козголду


 Кыргыз милициясы кыргыз-тажик чек арасындагы башаламандык боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, «Бейбаштык» беренеси боюнча КЖБРиге бир иш катталса, «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды. 
 
Эске сала кетсек,чек арадагы чыр кечээ тажик тарап Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунун жанындагы электр мамычасына видеокөзөмөлдөөчү камераларын орното баштагандан кийин башталган. Жергиликтүү тургундар тажик тараптан камераларды алып салууну талап кылышкан. Оозеки кайым айтышуулар күчөп, тараптар бири-бирине таш ыргытууга чейин барышкан. 
 
29-апрелде эртең менен 5:45тер чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолундагы боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаганын.
 
Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургуну оң көзүнө октон жаракат алган. Анын абалы оор деп бааланууда. Жалпысынан төрт жабырлануучу медициналык жардамга кайрылган. Белгилей кетүүчү нерсе, «Головной» суу бөлүштүргүч ишканасы Кыргызстандын аймагындагы Төрткүл суу сактагычын толтурган каналдардын башатында жайгашкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter