У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Сокеев: Тажикстан Ак-Суу дарыясын бөлүп берүүнү талап кылууда


 Тажикстан Кыргызстанга тиешелүү болгон Ак-Суу дарыясын бөлүп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Суу департаментинин директору Алмазбек Сокеев билдирди. 
 
Ал Тажикстандын Чек ара аскерлеринин «Головной» суу бөлүштүрүүчү аймак алардын аймагында жайгашкан деген маалыматын четке какты.
 
«Суу бөлүштүрүүчү аймак Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана «Баткенводоканал» ишканасынын карамагында болгон. Ал жакка суу Ак-Суу дарыясынан келет. «Головной» буга чейин да Тажикстандын аймагында болгон эмес. Кыргызстан суу ресурстарын эки тараптуу келишимдерди бузбай, кошуналары менен биргеликте колдонуп келген”, - деди Алмазбек Сокеев.
 
Анын айтымында, Борбор Азиянын суу ресурстары 1992-жылы Алматы шаарында кол коюлган протоколго жана 1995-жылдагы Нукус Декларациясына ылайык жөнгө салынат.
 
“Ак-Суу дарыясынан чыккан суунун 37 пайызын Кыргызстан колдонот. Ал 11 миң гектар жерди сугарат. Ал эми Ак-Суу дарыясындагы суунун 55 пайызын Тажикстан - 21300 гектар жерди сугаруу үчүн, 8 пайызын - Өзбекстан 1 миң 600 гектарга алат. Маалым болгондой, Төрт-Күл суу сактагычы дагы ушул дарыядан толукталат», - деп түшүндүрдү суу чарба департаментинин директору.
 
Алмазбек Сокеев белгилегендей, буга чейин Кыргызстандын суу ресурстарын пайдаланууда коңшулар ортосунда эч кандай кыйынчылыктар болгон эмес.
 
«Азыр Тажикстан Ак-Суу дарыясын бөлүп берүүнү талап кылууда. Бул мүмкүн эмес. Биз каршыбыз. Буга чейин коңшулар мындай талаптарды коюшкан эмес эле. Талаптар болсо да азыркыдай ачык билдирүүлөрдү жасашкан эмес болчу.  Кыргызстан суу ресурстарын пайдалануу боюнча коңшу мамлекеттер менен жакшы коңшулук мамилелерди улантууга ниеттенүүдө», - деди ал.
 
Белгилей кетсек, бүгүн Тажикстан Республикасынын Чек ара аскерлери «Головной» суу бөлүштүрүүчү аймак Кыргызстандын калктуу конуштарынан алыс жайгашкан. 1924-1927 жана 1989-жылдардагы карталарга ылайык, бул гидроэлектростанция толугу менен Тажикстандын аймагында жайгашкан деген пресс-релизди таратышкан. 
Ал эми архивдик маалыматтарда «Головной» суу бөлүштүрүүчү аймак толугу менен Кыргызстанга тиешелүү экени, ал 1970-жылы курулуп, 1973-жылы колдонууга берилгени жазылган. 
 
«Бул обьект Ош облусунун аймагына Кыргыз ССРинин Айыл чарба жана суу ресурстары митистрлигинин буйрутмасы менен Баткен курулуш-монтаждоо башкармалыгынын (СМУ) «Ошводстрой» трести тарабынан курулган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 384,2 миң рублди түзгөн. Мындагы максат суунун агымын «Кайырма» жана «Подводяший» каналдарына бөлүү болгон. «Подводяший» каналы «Төрт-Гүл» суу сактагычына келип куят», — деп жазылат. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter