19 жаштагы Дастан Ашрапов менен Кубатбек Каныбек уулу Кулунду айыл өкмөтүнүн ооруканасында текшерүүдөн өтүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу уурадалган балдардын биринин энеси Махабат Ашрапов 24.kg агенттигине билдирди.
Анын айтканына караганда, азыр алар үйдө. Уурдалгандардын бири Дастан Ашрапов окуя тууралуу айтып берген. Анын айтымында, балдар Тажикстандын чек ара заставасынын аймагында кармалган.
«Бизге түн ичинде кол салышты. Алар бир нече адам болду. Бизди уурадап кеткендер коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлери болчу. Футболкаларыбызды чечип башыбызга кийгизишти. Эч нерсе көрүнгөн жок. Тажикстандын чек ара постуна алынып барышып, бизди ошол жерден сабашты. Бошотулгандан кийин, алгач ооруканага бардык, бирок дем алыш күндөргө байланыштуу дүйшөмбү күнү келгиле деп үйгө жөнөтү. Менин ден-соолугум боюнча өзгөчө даттанууларым жок. Эң башкысы, мен үйгө кайтып келдим», - деди Дастан Ашрапов.
Эске салсак, бүгүн социалдык тармакка эки уландын түндөтөн бери жок болуп жатканы боюнча видео тараган. Анда Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын жашоочусу кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курулуп жаткан тигүү цехинде иштеген уулу менен анын досу жоголуп кеткенин айтып, ыйлап жатканы тартылган.