У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Курсан Асанов камакка алынды


Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармады. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымат каражаттарына билдирди.
 
Жактоочунун айтымында, Асановго КР Кылмыш-Жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү «Имараттарды басып алуу» боюнча айып тагылууда. Саясатчынын жактоочусу бул саясий негизде козголгон иш деп эсептейт.
 
«Курсан Асанов ИИМдин Тергөө кызматында сурактан кийин кармалган. Ал күбө катары суралган. Ага имараттарды басып алган деген айып тагылууда. Бул саясий негиздеги иш. Менин кардарымдын эч күнөөсү жок, тескерисинче, кризис учурунда кырдаалды жөнгө салууга аракет кылды», -деди жактоочу. 
 
Жактоочу Курсан Асановдун Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter