У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттик шайлоодо Текебаев Курсан Асановду колдойбу?..


 Кечээ, 6-декабрда «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Курсан Асанов жолукту. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Турсунбек Бейшенбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. 
 
«Кечээ, дасыккан саясатчы, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен элдик генерал Курсан Асанов жолугуп өлкөнүн учурдагы абалы, социалдык-экономикалык жагдайлар жана саясий көйгөйлөрдү талкуулашты. Текебаев тажрыйбалуу саясатчы катары Асановго өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, акыл насаатын, кеп-кеңешин айтты.

Ошондой эле Текебаев Асановго күчтүү саясий эрк жана кайраттуулук каалап, бул жолду ишенимдүү жана татыктуу улантууга тилектеш экенин билдирип, элдик генералга ак батасын берди.

Курсан Асанов Өмүрбек Текебаевге колдоосу жана баалуу кеңештери үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда тартипти орнотуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди»,-деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter