У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК «Кыргызстандын» документтерин артка кайтарды. Исаев сотко кайрылаарын билдирди


Борбордук шайлоо комиссиясы кечээтен бери чуу жаратып жаткан документ иштери тууралуу маселеге чекит койду. Тагыраагы, "Кыргызстан" партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды.

Мындай чечим 25-августта жумушчу топтон «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин кайтарып берүү жөнүндө сунушу каралгандан кийин кабыл алынды. Жыйында "Кыргызстан" саясий партиясынын документтери кабыл алынганы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) тастыктама берилбегени айтылды.

Партиянын жетекчиси Канатбек Исаев чечимге макул эмес экенин айтып, сотко кайрылышарын билдирди. Ачык эле мыйзам бузулганына карабай БШКны сотко бергени белсенген Исаев шайлоого катталуу укугун талаша турган болсо, сот дагы БШКнын чечимин колдоого милдеттүү.

Себеби мыйзам бузулганы айкын эле көрүнүп турат. Эгер сот Исаевдин маселени Исаевдин пайдасына чече турган болсо, мамлекетти, мыйзамды, элди сыйлабастыгын көрсөтөт. Сот сатылып кетпей, мыйзам чегинде чечим чыгарып, партияны шайлоодон четтетүүгө милдеттүү...




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter