БШК «Кыргызстан» партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылды
- 29.08.2020, 12:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык административдик соту чыгарган чечимге макул эместигин билдирип, “Кыргызстан” партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу Боршайком жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.
Маалыматка ылайык, БШК Жогорку сотко кассациялык арыз менен 28-август күнү кечинде кайрылган.
Эске салсак, “Кыргызстан” партиясы документтерин мыйзамда көрсөтүлгөн убактан кеч тапшырып, комиссиянын чечими менен БШК партиянын документтерин каттоодон баш тарткан. Боршайкомдун мындай чечимине нааразылыгын билдирип, партия сотко кайрылган. 27-августта Бишкек шаардык административдик соту “Кыргызстан” партиясынын пайдасына чечкен.