У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Новопавловкада мектеп окуучулары мушташып, бир окуучу жаракат алды


 Новопавловка айылында мектеп окуучуларынын мушташынын натыйжасында 15 жаштагы өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Такталгандай, жашы жете электердин топтолушу жана мушташуусу тууралуу билдирүү 16 -октябрда түшкөн. Окуя болгон жерге милиция келгенде, мектеп окуучулары мушташ фактыны четке кагышкан.
 
«Кийинчерээк Бишкектеги ооруканага 15 жаштагы А.Н. кайрылган. Ал денесинен жаракат алган. Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча КЖБРИне катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Окуянын чоо -жайы иликтенүүдө», - деп билдиришти милициядан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter