У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Панфилов районунда атышуу болуп, эки адам жаракат алды


Панфилов районунда атышуу болуп, натыйжада экөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, жабырлануучулар Орто-Кайырма айылынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз адамдар менен болгон жаңжал учурунда октон жаракат калышкан.
 
Факты КЖБРине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси "Бейбаштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. 
 
Укук коргоо кызматкерлери 41 жаштагы шектүү К.Н. кармашкан. Анын жанынан травматикалык тапанча, патрон жана резина ок табылган.
 
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter