У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сокулукта 15 жаштагы кыз 40 жаштагы кишиден төрөгөн. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди


Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы Сокулук районунда 15 жаштагы кыздын 40 жаштагы кишиден төрөгөн окуя боюнча маалымат берди. 
 
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрь айында Сокулук РИИБге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал 14 жаштагы кызы менен жыныстык мамиледе болгон 40 жаштагы жаранга чара көрүүнү суранган.
 
 
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 164-беренеси (“Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
 
Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери ал кишинин өздүгүн аныкташты. Ал Ош облусунун 1981-жылы туулган Б.Т.тургуну экени тастыкталды.  
 
Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалды. Тергөө учурунда жабырлануучу өзү суралып, тергөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн. Бирок, Б.Т кылмышка тиешеси жоктугун билдирди.
 
Күнөөлүүнү аныктап жоопко тартуу үчүн окуяны ар тараптуу иликтөө үчүн бир катар ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүү зарыл болгон. Ошондой эле жабырлануучу Сокулук районунун прокуратурасына жогорудагы ишти кыскартуу үчүн тосмо арыз менен кайрылган.
 
2021-жылдын февраль айында иш Чүй облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Учурда иш кайда тергелип жатканы белгисиз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter