У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кадамжайда эски шахтадан өрт чыгып, 200дөй кой-эчки күйүп кетти


Баткен облусунун Кадамжай районунда эски шахтаны мал кармоочу короо катары пайдаланып келгендердин 243 баш кой-эчкиси күйүп кетти. Малдын куйкаланып кетишине эски шахтадан чыккан өрт себеп болгон.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 3-февралда болгон. Окуя болгон жерге ӨКМдин №3 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылган. Алар тосмо орнотуп, тургундардын макулдугу менен өлгөн кой-эчкилерди шахтанын ичинде көмүп кетишкен.

Кырсыктан жабыркаган адамдар болгон эмес. Өрттүн келип чыгышы иликтенип жатат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter