У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сынчы, адабиятчы Кадыркул Даутов акка моюн сунду

«Кыргыз адибияты орду толгус жоготууга туш болду. Бүгүн, 28-июль күнү эрте менен Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, атактуу адабиятчы Кадыркул Даутов узака созулган оорудан кийин 80 жаш курагында акка моюн сунду... Кош болуңуз асыл ага. Жаткан бериңиз жайлуу, топурагыныз торко болсун»-деп жазды кесиптеши Садык Алахан.
 
Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган.

1961-жылы Токмок шаарындагы республикалык маданият агартуу окуу жайын,

1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

1970–1973-жж. СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган.

1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактайт.

1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси,

1974–1975жж. Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер,

1976–1981-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы,

1983-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу,

1985–1986-жж. «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын бөлүм башчысы,

1989–1999-жж. Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы болуп иштеген.

1999–2005-жж. Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы,

2005–2007-жж. И.Арабаев атындагы университеттин профессору,

2007-жылдан Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору.
 
1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келет. «Ырдын өмүрү» аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн. Негизги чыгармаларын орус, кыргыз тилдеринде жазган.

1978-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter