У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алим Укурчинов дүйнө салды



Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 82 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРнин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты жана хормейстер Укурчинов Алим Усманович дүйнө салды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. 

Алим Усманович 1938-жылы Ысык- Көл облусунун Каракол шаарында туулган.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын хор дирижёру бөлүмүндө педагогдор В.Ф. Кальтман менен С. Юсуповдун классынан, Москвадагы Гнесиндер атындагы музыкалык техникумдан билим алган.

1970-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун хор мугалими, бир эле мезгилде республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта хормейстер жана көркөм жетекчи болуп иштеген.

Алим Укурчинов жетектеген хор Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Республикалык балдар коллективдеринин конкурсунун дипломанты жана (1974), «Ырдаган үндөр» аттуу фестиваль-конкурстун жеңүүчүсү болгон. Аталган хор Челябинск, Ташкен, Алматы шаарларында гастролдо болгон.

Бүткүл союздук «Мелодия» үн жазуу фирмасы тарабынан Укурчинов Алим жетектеген хордун аткаруусундагы кыргыз композиторлорунун ырлары менен хорлорунан диск-гигант табагы чыгарылган. «Бала кербез» аттуу балдар хору жыйнагынын авторлорунун түзүүчүлөрүнүн бири.

Алим Усмановичтин жакындарына жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза- кайгысын тең бөлүшөбүз.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter