У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаарындагы бардык ооруканалар ИВЛ аппараттары жана кычкылтек концентраторлору менен камсыз болот

 2-июлдагы өкмөт үйүндөгү жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов жакынкы күндөрү Бишкек шаарындагы бардык ооруканалар  өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппараттар жана кычкылтек концентратору менен камсыз боло турганын билдирди.   

«Акыркы күндөрү коронавирус илдети менен бирге пневмония менен ооругандар да көп катталып, ооруканаларда жасалма дем алдыруучу аппараттардын тартыштыгы жаралды. Учурда Бишкекте 572 ИВЛ аппараты, 610 кычкылтек концентраторлору бар. Бирок бул аз, ооругандар, жасалма дем алдыруучу аппараттарга муктаж болгондордун саны көп болуп жатат. Биз бүгүн 500 кычкылтек концентратторун алып жатабыз. Эртеӊ саат 10:30да Кытайдан 500 кычкылтек концентратору келет. Дагы 500гө буйрутма бердик. Алар бир жуманын ичинде келип калат. Ошондой эл өкмөт гуманитардык жардамдан 23 жасалма дем алдыруучу аппарат, 52 кычкылтек концентраторун алдык.  Донорлордун эсебинен 63 ИВЛ аппаратын, 111 кычкылтек концентратын сатып алабыз. Өкмөт медициналык жабдыктарды сатып алууга 50 млн. сом бөлдү. Азыр Турция мамлекети менен 50 өпкөнү жасалма деп алдыруучу  аппаратын, 50 кычкылтек концентраторун сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө»-,деди премьер-министр.   


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter