У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги кафе-ресторандар азырынча жабылбайт

 
Бишкек шаарындагы кафе-ресторандар убактылуу жабылбай турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда шаардык мэриянын кеӊешмесинде шаар мэри Балбак Түлөбаев билдирди. 
 
«Мен тойканаларды жабалы деген демилгени көтөрүп чыккам. Бирок республикалык штабдын чечими менен тойканаларды убактылуу жаппай туруу чечимин кабыл алдык. Азыр Бишкекте июль айындагыдай күнүгө 700-800 киши ооруган жок. Абал өтө оор эмес болгондуктан, азырынча тойканалардын ишине уруксат бердик. Ал жерде да 70-80 адам иштеп жатат»,-деп айтты Түлөбаев.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter