У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн 3 адам коронавирустан көз жумду, дагы 141 бейтаптын абалы өтө оор


Соңку суткада коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 3 жаран каза болду. Муну менен өлкө боюнча илдеттен каза болгондордун саны жалпы 1 миң 185 адам болду.
Каза болгондордун экөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда катталды.

Ошондой эле бүгүн, 10-ноябрга карата өлкө боюнча коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын жалпы саны 63 миң 960 болду. Анын ичинен бүгүнкү күндө 3 миң 444 бейтап медициналык жайларда дарыланууда. Республикалык штабдан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат таратты, ага ылайык:
* 56 бейтап (1,6%) - канааттандыраарлык абалда;
2259 бейтап (65,5%) - орто оордукта;
988 бейтап (28,6%) - оор абалда;
* 141 бейтап (4,0%) - өтө оор абалда.
Өлкөдө илдеттен айыккандардын жалпы саны 54 миң 774 болсо, тилекке каршы, аталган дарттан 1 миң 185 жаран көз жумду.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter