У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


КУАДТнын айымдары: "Арылса экен адам уулу бул дарттан, ааламдагы апалардын тилеги!!!"


Кыргыз театрларынын флагманы болгон Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисалар жамааты (айымдары) адамзаттын башына түшкөн сыноону ынтымак, тартип менен жеңели деген ураан менен элге кайрылуу жасашты. КР эл артисттери Гүлайым Каниметова, Турганбүбү Бообекова, Жамиля Сыдыкбаева, Анара Назаркулова, Тынара Абдразаева, Калича Сейдалиева, Жумагүл Жумалиева, КР эмгек сиңирген артисттери Сайра Мырсалиева, Шайгүл Алсеитова, Жыргал Көбөгөнова, Анара Сыдыгалиева, Вера Сариева, Шайыр Касмалиева, Айсалкын Кыыйкбаева жана Айсалкын Осмонова, Гүлнара Кучербаева, Альбина Имашова, Бүкалича Жоробаева, Гүлнара Сатарова, Мээрим Касаболотова, Жанара Барманова, Махабат Асанбекова, Жаңылай Исакова, Нускайым Бекмуратова, Анара Таалайбек кызы, Жанара Борисова өңдүү театрдын актрисалары элге бейкуттук, ынтымак, сабырдуулук каалап, жарандарды үйдө олтурууга чакырышты. 

"Энелердин тилеги"
Октой сызган дарттын келип илеби,
Ооруп турат энелердин жүрөгү.
Демин басаар албууттанган илдеттин,
Деги бирөө барбы адамзат билеби?
Арылса экен адам уулу бул дарттан,
Ааламдагы апалардын тилеги.

Жаратканым санааркаткан себеби,
Жашоо баркын балким билсин дегени.
Элеңдедиң бир кымындай вирустан,
Эй адамзат, күчүң ушул элеби?
Азыр бизге керек бекем биримдик,
Аман-эсен бул сыноону жеңели.

Чектен ашкан адамдардын пейили,
Чегинсе экен, ачкөздөнбөй дедиби?
Башка түшсө баары бирдей көтөрүп,
Бай-кедейи айырмасыз кейиди.
Бийлигиң да, байлыгың да бир тыйын,
Бил адамзат ал-күчүңдү, чегиңи!

Кежирленбей кечээкибиз эстейли,
Кесир болот, ырыскыны теппейли.
Алсыз экен адам деген андыктан,
Аша чабып, ачкөздөнүп кетпейли.
Арзыбаган дүнүйө үчүн жан кечип,
Азап тартып, кур убайым чекпейли.

Сабыр кылсак бул күндөрдөн өтөбүз,
Шаңга толот тунжураган көчөбүз.
Эрежеге бүгүн ийсек башыбыз,
Эртең бийик максаттарга жетебиз!
Жеңип чыгып адамзаттын душманын,
Жетелешип жакшы күнгө кетебиз!

Келиңиздер, бир-бирибиз аяйлы,
Кейип калсак, колдон тартып, таяйлы.
Жардамыбыз ушул болсун эл үчүн,
Жанды сактап отурууга жарайлы.
Жакшылыкка жооруп келген сыноону,
Жакындардын көңүлдөрүн карайлы.

Эл-жер үчүн тобокелге барчулар,
Эртең үчүн жарык болуп жанчулар.
Биздин элдин дарыгери, сакчысы,
Бийик дайым кадырыңар, баркыңар.
Жаныңарды жаратканым сактасын,
Жабыркабай, сак болгула жалпыңар.
Талыкпаган эмгегиңе баарыңдын,
Таазим кылат жалпы кыргыз калкыңар.

Адамзатта жоготуулар болбосун,
Алла-Талла ар бирибиз колдосун.
Алдым-жуттум, ачкөздүктү унутуп,
Адам пенде ниеттерин оңдосун.
Бакыт келип эшигибиз каккылап,
Бардык үйдө наристелер ойносун!

Асманыбыз ачык болсун жадырап,
Арылалы бул сыноодон батыраак!
Үркөргө окшош топ кыздары театрдын,
Үйүңүздө олтурууга чакырат.

Ырдын автору Нуркыз Рыскул кызы

7-апрель, 2020-жыл



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter