У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Митингде жабыркагандардын бирөө дале комадан чыга элек, абалы оор


Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, үстүбуздөгү жылдын 5-октябрында "Ала-Тоо” аянтына митингге чыгып, жабыр тарткандардын бири деле комадан чыга элек, абалы оор. Бул тууралуу  Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди. 

Анын айтымында, жабыркагандардын ичинен ооруканада 10 бейтап калды.

"Митингчилер менен милициянын кагылышынан биздин ооруканага 600дөй адам кайрылган. Азыр алардын ичинен 10у калды. Бешөөнүн абалы оор, бирөө комадан дагы деле ойгоно элек. Дары-дармек акысыз берилип жатат. Кээ бири операция болду. Аларга да операциялар бекер жасалууда", — деди Жумабеков.

Эскертели, 5-6-октябрда Бишкекте болгон митингден жабыркап, ооруканага жалпы 1 253 киши кайрылган.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter