У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаев элден кечирим сурап догурунду...


 Бүгүн жарандык активисттер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылып митингге чыгышты. 
 
Буга өткөн жумада ШИИББдин башчысы Ногойбаевдин түз эфирде жашы жете элек кыздар кишилер менен таанышып, өз ыктыяры менен жыныстык катнашка барып, анан дайынсыз жоголгон окуялар катталып жатат деген маанидеги билдирүүсү себеп болду. 
 
Анын тантыган пикири соцтармакта секелек кыздарга карата жасалган кылмыштарга өздөрүн айыптоо катары кабылданып, сынга кабылган болчу.
 
Баш калаанын милиция башчысы Ногойбаев эл митингге чыкмайын өз катасын ойлоп, кечирим сурап койсо болмок. Тилекке каршы, качан эл анын кызматынан бошотуу талабын айтып чыкканда эсине келип, тоготпостук кыялы күбүлүп түшүп, туура эмес сүйлөгөнүн моюндап, митингге чыккан активисттер менен журналисттердин алдында кечирим сурап калганы өкүндүрөт. 
 
Ошондо дагы уурусу күч болсо ээсин доого жыгат болуп: "Борбор калаанын милициясы ар дайым алдын алуу иштерин жүргүзүп келет. Бирок ата-энелер биринчи кезекте тарбия берүүгө катышышы керек. Мен эч качан жашы жете элек балдарды айыптагым келген эмес. Мен сиздерди сөзүмдү бурмалап жана башкача түшүндүрмө бербөөгө, элди адаштырбоого чакырам. Келгиле, реалист бололу. Мен биринчи кезекте Кыргызстандын жараны, 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар офицер катары жасалган кылмыштарга жашы жете электерди айыптап, кылмыштуулукту калкаламак эмесмин", — деп догорунганы кызык болду. 
 
Ой айланайын, оозуңду туура эмес айт деп бирөө тырмабаса керек деген жан жок. Мындайлар бетин жуубай күзгүнү айыптаган "оорудан" айыгышы кыйын. Иштен алганда гана эсине келбесе...
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter