У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балдар үйүнүн жетекчиси балдар үйүндөгү кыздарды аткаминерлерге төшөк кызматын көрсөтүүгө мажбурлаган

 
Өзбекстандын Хорезм облусунун Ургенч шаарында балдар үйүнүн жетекчиси балдар үйүндө тарбияланып жаткан өспүрүм кыздардары чоң кызматтагы жетекчилер менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаганын NeMolchi.uz зомбулукка каршы долбоорунун сайты жазып чыкты.
 
Алардын айтымында, он ай бою (2021-жылдын майынан 2022-жылдын февраль айына чейин)  балдар үйүнүн башчысы үч тарбиялануучуну аткаминерлер менен интимдик мамилеге мажбурлаган. Бул үчүн ал 15, 16 жана 17 жаштагы үч өспүрүм кыздарды тандап алган.
 
Маселен, 2021-жылдын май айынын башында ал ошол кезде 16га чыга элек өспүрүмдү тааныштарынын бири менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаган. Кыз анын айтканын аткаруудан баш тартканда, ошол эле балдар үйүндө тарбияланып жаткан бир тууган инисин башка балдардын көзүнчө сабап, кыздын эркин сындырып, чоң кызматтагы жетекчилердин баары менен жатууга мажбурлаган.
 
«Облустук юстиция башкармалыгынын 44 жаштагы начальниги өзүнүн ыйгарым укуктарын пайдаланып, жетекчинин көйгөйлөрүн чечүүгө убада берип, 2021-жылдын апрель айында кайрымдуулук катары ага принтер белек кылган. Мындай «кайрымдуулуктан» бир-эки жума өткөндөн кийин ал киши балдар үйүнүн жетекчисинен сексуалдык ырахат алуу үчүн кыз берүүнү талап кылган», - деп айтылат маалыматта.
 
Балдар үйүнүн жетекчиси 17 жаштагы жетим кызга тамак-аш бербей, эч жакка чыгарбай, кыйнап акырында облустук юстиция башкармалыгынын начальниги менен жыныстык катнашка барууга милдеттүү экенин айткан. 
 
Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка баруу үчүн юстиция башкармалыгынын жетекчиси облустук кызматкерлерге кызмат катары бөлүнгөн батирди пайдаланган.
 
Бир айдан кийин, тактап айтканда 2021-жылдын июнь айында ал кайра балдар үйүнүн жетекчисинен кыз талап кылып, ошол эле батирде 15 жаштагы өспүрүмдү зордуктаган. Кийинчерээк 16 жаштагы кыз анын курмандыгы болгон.
 
Он ай облустук юстиция башкармалыгынын кызматтык батиринде облустук юстиция башкармалыгынын начальниги жашы жете элек кыздар менен жыныстык катнашта болгон.
 
Ошондой эле, кайрымдуулук жардамын, жетекчинин жеке маселелерин чечүүдө жардам бергени үчүн 39 жаштагы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы да балдар үйүндө тарбияланып жаткан кыздар менен жыныстык катнашка барган. 
 
«Кыздарды аны менен жыныстык катнашка бир нече жолу мажбурлашкан, зордуктоолор балдар үйүнүн өзүндө да, башка жерлерде да болгон», - деп айтылат билдирүүдө.
 
Ушул жана башка фактылар былтыр сентябрда болгон соттук териштирүүдө ачыкталган. Соттун чечими менен балдар үйүнүн жетекчиси 5,5 жылга, жашы жете элек өспүрүм менен интимдик мамиледе болгон кызмат адамдары 1,5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Айыпталуучулар сотто кыздар интимге өз каалоолору менен барганын, аларды эч ким кыйнабаганын айтышкан.
 
2022-жылдын декабрында апелляциялык сот өкүмдү күчүндө калтырган.
 
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Үргөнч шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын зордуктаган аткаминерлердин жазасы жеңил болгонун моюнга алды. 
 
Бул үйрөй учурган окуя ЖМКлар аркылуу чуу жаралганда окуяга өзбек парламентинин төрайым Танзила Нарбаева жана президенттин кызы Саида Мирзиёева кийлигишип, кыздарды зордуктагандарды жана жыныстык катнашка мажбурлагандарга катаал жаза берүүнү талап кылышты. Иш кайра каралууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter