У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азамат Ногойбаев: Зордукталып, өз жанын кыйган 13 жаштагы кыз айыпталуучуга турмушка чыкмак болгон


 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча Башкы прокуратуранын иликтөөсүнүн жыйынтыгында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине чара көрүлөрүн 31-мартта түз эфирде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев билдирди.
 
Анын айтымында, учурда тергөөчү далилдерди бурмалаган деген айып менен камакта.
 
«Өспүрүм алгач Свердлов районунун ички иштер башкармалыгында дайынсыз жоголгон адам катары издөөдө жүргөн. Издөө иштери жүргөн. Кийинчерээк кыз өзү келип, болгон окуяны айтып берген. Өспүрүмдүн айтымында, ал ата-энеси менен урушуп, учурда камакта жаткан шектүү менен жыныстык катнашта болгон. Учурда тергөө жүрүп жатканына байланыштуу ачык маалымат бере албайм», - деди Ногойбаев.
 
Буга чейин прокуратура тарабынан 13 жаштагы өсрүрүмдү зордуктоо фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 361-беренесинин 2-бөлүмү («Далилдерди бурмалоо») боюнча кылмыш иши козголгон. 
 
Январь айында соттук-медициналык эксперт Б.Г. кармалса, 10-февралда Ленин РИИБнин тергөөчүлөрү Т.И., А.у.А. кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 
“Өспүрүм айыпталуучуга турмушка чыга турганын билдирген. Бирок, кыз жашы жете элек болгондуктан, акыры ушундай абалга кептелди», - деп кошумчалады Бишкек ШИИБдин башчысы.
 
Эске салсак, 2021-жылы борбордун Свердлов районунун аймагынан жашы жете элек өспүрүмдүн дайынсыз болуп жатканы айтылган. Ал бир нече күндөн кийин табылган. Кыз зордукталганын айткан.
 
 Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголуп, бирок милиция кызматкерлери жасалма документтерди жасалма кылып даярдашып, өспүрүмдү шектүү менен жыныстык катнашка өз ыктяры менен болгонун көрсөтүшкөн. Башкы прокуратура кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактылары боюнча кылмыш ишин козгон.
 
Кийинчерээк зордукталган өспүрүм өз жанын кыйганы белгилүү болгон. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter