У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элмурза Сатыбалдиев чыныгы куйту жүзүн көргөздү...


 Билим берүү министр болгон Каныбек Иманалиев кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна, сынына да жооп берди. 
 
Мына ошол жыйынында Балбак Түлөбаев менен Каныбек Иманалиев кызыл чеке болушуп акыйнек айтышты. 
 
Түлөбаев Иманалиевди кезинде президентти ачуу сындап,  Түркмөнстан кылат, тентек уулуңарды алып кеткиле деп Ысык-Көлдүн аксакалдарына кайрылганын эске салып, дагы кайрадан кайрылып бул жолу кечирим суроосун кыйытты. 
 
Дал ушул маселеге байланыштуу Элмурза Сатыбалдиев ортодон чыгып, Балбакка жооп берип, оозун жаппайсыңбы деген өңүттө Иманалиевди көкүтүп, кайраштырды. 
 
Каныбек Иманалиев эгер ушул жерден өзү билген Балбак Түлөбаев боюнча чындыкты айтса, катуу сынып калаарын билдирип, спикердин кабинетинде күбөлөрдүн көзүнчө айтаарын белгиледи. Балбак мырза оозун ачкан бойдон жооп бере албай алайды. 
 
Бирок, көпчүлүк Элмурза Сатыбалдиевдин экөөнү ынтымакка чакырып жараштыргандын ордуна, мыйыгынан күлүп чабыштырып, кайраштырган куйтулугун сынга алышты.
 
Чындыгында, уруштун сөзүн сүйлөп, бирин-бирине тукурган арамзалык эл өкүлү кыла турган жорук эмес эле. Бул кылыгы менен Сатыбалдиев адамгерчиликсиз куйту сапатын, чыныгы жүзүн көргөздү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter