Марат Иманкулов: Тажиктер бүтүндөй Баткенди басып алууну көздөп жатышат
- 21.09.2022, 11:08,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чек ара маселеси жөн эле шылтоо, алар бүтүндөй Баткенди басып алууну көздөп жатышат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов КТРКнын түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, согуштук аракеттер учурунда тажик тарап оор техникаларды колдогон.
«Алар Баткенде ракеталык системаны колдонушкан. Үйлөрдү, аскер комиссариатын талкалашкан. Чек ара маселесине кабатырланбай, башка максатты көздөп, “Баткенибизди кайтарабыз” деп кыйкырып жатышты.Чек ара маселеси жөн эле шылтоо. Алардын Баткенди басып алууну көздөп жатканы баарына белгилүү болду. Баткен тажиктердин түпкү жери деген саясат жүргүзүп, жатышат», - деди ал.