Баткендеги чек арада жашаган кыргыз элине, ар бир түтүнгө мыйзамдуу түрдө курал берүүнү коркпой мыйзамдаштыруу зарыл. Себеби, жердин аймактык шартын билген эл, кыйчалыш оор күндөрдө өзүн-өзү коргой ала тургандай шарт түзүү зарылдыгын, тажиктердин эки жолку баскынчылыгы далилдеди.
Демек, тез арада Жогорку Кеңеш мыйзамды үч окууда кабыл алып, президент кол коюшу абзел. Бул боюнча кезинде Бакыт Төрөбаев тарабынан демилгеленген даяр мыйзам бар. Балким айрым өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизүү керек. Кыскасы, ушул ишти чойбой жакынкы аралыкта ишке ашыруу милдет.
Мыйзам аркылуу чек арада жашаган жаранга курал берилип, аты-жөнү каттоого алынып, чек ара кызматынын өкүлү катары жарым штаттык негизде жок дегенде 10-15 миң сомдук айлык чегерүү кажет. Согуштук, баскынчылык кырдаал жаралса кимге-ким баш ийиши керек, кимдин сөзүн ким угушу керектиги боюнча ичинен уставдык негизде укук менен жоопкерчилигин так түшүндүрүп, координация кылган командирлерди дайындоо парз. Ошондо чек арадагы эл өздөрүн коопсуз сезет. Айлык алып иштеген чек ара кызматынын өкүлү катары да мекен алдында, мыйзам алдында өздөрүнө жоопкерчилик алышат. Миграция токтойт. Жерибиз ээн калбайт. Чек ара бекемделип, карапайым калктын коркуп-үркпөй жашашына дем болот. Чек арадагы жоокерлердин жетишсиздиги дагы жолго коюлат.
Оор учурларда, тажиктер кол салып басып киргендей окуяларда жердин уусун жакшы билбеген, башка аймактардан кызмат өтөөгө барган жаш аскерлерге караганда, ошол аймактын географиялык шартын мыкты билген чек арадагы элге мыйзамдуу курал берилсе, карапайым элдин, аскерлердин арасында жоготуулар аз болмок.
Эң негизгиси тажиктер Кыргызстандын чек арасында жашаган калкка мамлекет тарабынан мыйзамдуу курал берилип, чек ара кызматынын өкүлү катары эсептелерин билген соң, ээн-эркин каалаган учурда бастырып кирип, талап-тоноп, атып өлтүрүп, өрттөп кеткен каракчылык жоруктарга баруудан чочулап калышат.
Ал эми Тажик бийлиги дагы өз элине курал берсе эмне болот деген ойдон алыс болуу керек. Анткени, Рахмон элине эч убакта курал карматпайт. Курал берсе кландык бийлиги кыйрап, эли өзүнө каршы чыгаарын билет. Демек, Рахмон элге курал берүү тобокелчиликке өлсө да барбайт.
Арийне, биздин чек арадагы элге курал берилсе, башка максатта колдонуп, башаламандык болуп кетиши мүмкүн деп чочулап, коркпош керек. Мыйзамга укук менен жоопкерчилик маселесин так, конкреттүү түрдө жазуу аркылуу күмөндүү жагдайларга жол берилбей турган кылса болот.
Курал алган адамга белгилүү өлчөмдө ок-дарысы кошо берилип, көзөмөл айылдык аскер комиссариатынын кызматкерлери, участкалык милиция аркылуу ай сайын тыкыр текшерилип туруу милдети жүктөлөт. Тынч, жай учурда куралдан ок атылбаганы, ок-дарысы кемип калбаганы, эгер куралдан ок чыккан болсо, же ок кем болсо, кандай максатта колдонулганы боюнча сурак жүрүп, куралы кайтарылып алынып, айып пул салынып, кылмышка барса түрмөгө отургузуу сыяктуу жазалар мыйзамга так жазылат. Ошондой эле, курал берилген адамдын моралдык туруктуулугу, куралды колдонууну билгендиги эске алынып, медициналык текшерүүдөн сөзсүз өтүшү милдет болот.
Анын үстүнө чек ара азабын тартып, качып-тозуп, үй мүлкү өрттөлүп, жакындарын жоготкон, мекен кадырын алыскы борбордогуларга караганда мыкты түшүнгөн жарандарыбыз берилген куралды жеке кызыкчылыгына колдонбойт деп ойлойм.
Андыктан, чек арадагы элге мыйзамдуу түрдө курал берүүнү коркпой ишке ашыруу бүгүнкү күндө зарыл жана милдеттүү түрдө чукул арада ишке ашыра турган күндүн күрөө тамыры болуп турат. Мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин коопсуздугун ойлосок, ушул кадамга баруу аба-суудай керек.
Мындай турмуштук практиканы Турция колдонот. Түркияда жашаган Вандык чек арада жашаган кыргыздар мамлекет менен келишимдик, контрактык негизде чек ара кызматынын өкүлү катары чек ара кайтарып, айлык алышып кызмат өтөйт.
Мындан сырткары, мыйзамга чек арадагы жашаган калкка социалдык жеңилдиктер берүүнү дагы киргизүү абзел. Пенсия, пособие, айлыктары башка аймактардын эки эсе көп болушу кажет. Балдары жогорку окуу жайларында бекер окутулушу парз. Медициналык кароодон 70%ге чейин төмөндөтүлгөн негизде көрүнүүгө шарт түзүлүш керек. Свет, суу сыяктуу коммуналдык кызматтар 50% арзан болуш милдет. Чек арага ким
өндүрүш ачып ишкерлик кылып, элди иш менен камсыздаса, салыктын баардык түрүнөн бошотулууга тийиш. Мамлекет тарабынан дал ушундай камкордук көрүлүшү мезгил талабы.
Ушул жерден дагы бир белгилей кетчү жагдай, тынчтык орноп, жайчылык болгондо Баткен аймагындагы чек арадагы элдин талкаланган үйлөрү тез арада тургузулуп, баардык керектүү тиричилик буюмдарын мамлекет камсыз кылсын. Жашоо-турмушун тыңдап алыш үчүн жок дегенде экиден саан уй, 10дон кой, 20дан тоок сыяктуу мал-жандыктарын сатып бериш милдет.
Эң негизгиси коркпой-үркпөй жашай тургандай кылып, элдин коопсуздугун толук кандуу камсыз кылуу керек. Ал үчүн чек арадагы жашаган элге курал берүүнү коркпой мыйзамдаштыруу зарыл. Болбосо кайра-кайра тажиктердин куралдуу кол салуусунан, баскынчылыгынан азап чеккен калктын дээрлик 30 пайызы ат башындай алтын берем десең дагы кайра барып жашагысы келбей калды.
Ал эми тажиктердин максаты - атайлап чек арадагы Кыргызстандын жарандарына кол салып, үстөмөндүк кылып, үй-жайын өрттөп, атып жүдөтүп, жүрөк үшүн алып, ал жерге кайра кайрылып келип жашабай тургандай абалга жеткизип, жерди бошотуу. Мына ушул жагдайга жол бербешибиз керек.
Ал үчүн сөзсүз келтирилген моралдык-материалдык чыгымды тажик тарапка төлөтүү, компенсация өндүрүү, укуктук доо коюу бийлик төбөлдөрүнүн парзы. Антпесе, тажиктер буларга боло берет, колдорунан эч нерсе келбейт деп каракчылык, зөөкүрлүк агрессиясын токтотпойт.
Алмаз Темирбек уулу