Тажик тарап Лейлек районунундагы айылдарды аткылай баштады
- 16.09.2022, 09:26,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саат 08:25ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч боюнча сакталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.
Тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады. Аталган аймактын жашоочуларын эвакуациялоо иштери башталды.
Алдын ала маалым боюнча тѳрт кыргыз аскери жаракат алды. Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтой элек. Кыргыз чек арачылары жооп иретинде тажик тарапка ок атууда.