У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстан менен Кыргызстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болду


Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу боюнча окуя катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
 
Анын айтымында, саат 10:50 чамасында Баткен районунун Тескей аймагындагы такталбаган чек ара тилкесинде нөөмөт учурунда Тажикстандын чек ара отряды мурда колдонулуп келген каттамды өзгөртүп, жаңы чек ара тилкесине чыгып, кыргыз чек арачылардын чыгып кетүүнү талап кылган. 
 
Тажик чек арачылары турган жерге кошумча күчтөр келген. Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн сан жагынан артыкчылыктарын пайдаланып, жаңы чек арага чыгууга аракет кылышкан. Бирок кыргыз чек арачылары Тажикстандын аскер кызматкерлерине өздөрүнүн ниетин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Натыйжада атышуу башталып, 10 мүнөттөй созулган. Кагылышуунун натыйжасында кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандар болгон жок.
 
Тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда телефондук сүйлөшүү болуп, анын жыйынтыгында чек ара өкүлдөрү келгенге чейин окуя болгон жерден чек ара отряддарын чыгаруу жана башка кошумча күчтөрдү жана каражаттарды алып келүүгө жол бербөө боюнча чечимдер кабыл алынган. 
 
Алдын ала маалыматтарга караганда, тажик тараптан жарадар болгондор бар.
 
Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Тескей аймагы мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкеси болуп саналат, бирок иш жүзүндө Кыргызстандын жарандары пайдаланат. Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү кызматты күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter