У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажик чек арачылары тарабынан туткунга алынган аскер кызматкеринин абалы айтылды


    Мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, кечээ, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында тажик чек арачылары тарабынан туткунга алынган УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери, прапорщик З.Умаров кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.
 
Бүгүн ал КРнын чек ара өкүлү менен бирге Кайрагач-Автодорожный көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга келишти. Чек арачынын ден-соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
 
8-июлда саат 17:00 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон. Тажик чек арачылары эки аскер кызматкерин туткунга алышкан. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter