Азимбек Бекназаров Малайзиядагы элчи кызматынан бошотулду
- 05.08.2022, 18:01,
- Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 5-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
"Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды" ,- деп айтылат маалыматта.