Азимбек Бекназаров элчилик кызматка Малайзияга сапар тартты
- 17.02.2020, 11:24,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Азимбек Бекназаров Малайзияга сапар тартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров өзүнүн Facebook-баракчасына жазып, сүрөтүн жүктөдү.
Ал атасынын Кыргызстан менен Малайзиянын мамилесине өзгөрүүлөр алып келерине ишенимин билдирет.
«Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат», — дейт ал.
Эске салсак, Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 26-декабрда дайындалган. Малай тилинен 200 сөз жаттап алганга кудурети жетээрин айтып, тил башкы маселе эмес экенин билдирген. Андан соң, жакында эле өлкөгө инвестиция тартуу анын жоопкерчилигине кирбестигин айтып, талкууга калган.