У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орус армиясында кызмат өтөгөн Адилет Алиев Украинадагы согушта кайтыш болду


Украинадагы согушта Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Адилет Алиев каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдады.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Алиев Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.

Алиев Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн, ошол өлкөнүн жарандыгын алып, согушкан барып кайтыш болгон бешинчи кыргыз тектүү жоокер. Буга чейин Эгемберди Дорбоев, Исломжон Камилов, Рустам Зарифулин жана Сыргакбек Өзүбеков каза болушкан. Ошондой эле «Азаттык» Украинада орус аскерлери тарапта согушкан Кыргызстандын эки жараны Руслан Полотов менен Аманбек Курбанбаев каза болгонун жазган.

Кыргызстан Орусия менен Украина согушунда расмий бейтарап позицияны карманууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter