Украинада каза болгон орусиялык аскер кызматкеринин сөөгү Ысык-Көлгө коюлат
- 22.03.2022, 16:53,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Украинадагы согуш учурунда орус армиясында кызмат өтөгөн 20 жаштагы этникалык кыргыз каза болгон.
Маалыматка ылайык, Украинадагы cогушта каза болгону айтылып жаткан жигит Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болду. Ата-энеси Ысык-Көл облусунун тургундары, атасы Кыргызстанда жашайт. Маркум Россия Федерациясынын жарандыгын алып, көчүп кеткен.
Маркумдун сөөгү 23-мартта Кыргызстанга алынып келинип, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында болот деп күтүлүүдө.