У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттер Бишкекке келбейт. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын форуму онлайн форматында өтөт


 27-майда Бишкекте өтөт деп пландалган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видео байланыш форматында өтөт. Бул тууралуу журналисттерге Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.
 
Анын айтымында, саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар.
 
Биримдиктин мамлекет башчылары ошондой эле видеоконференция аркылуу пландаштырылган биринчи Евразиялык экономикалык форумга катышат.
 
«Биз башында форумду оффлайн форматта өткөрүүгө даярданып жатканбыз, бирок жакында эле мамлекет башчылары форумга жана кеңештин жыйынына видеобайланыш аркылуу катышат деп чечтик», - деди Михаил Мясникович.

Эске салсак, буга чейин КРнын ички иштер министрилиги 27-майда Бишкекте өтө турган форумга карата 23-майдан тартып милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей турганын билдирген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter