Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин онлайн форматтагы жыйынына катышат
- 21.05.2021, 11:04,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Бүгүн, 21-майда президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматында өтө турган кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына аткарылган иштердин жыйынтыгы, анын ичинде бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, ЕАЭБдин 2020-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу жана башка бир катар баяндамалар угулат.
Мындан сырткары кеңештин мүчөлөрүнүн мүчө мамлекеттердин 2021-2022-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды чыгаруу жаатында кызматташуу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди кароосу күтүлүүдө.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, бир катар чечимдер кабыл алынат.