Быйыл Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар болот. Тизме
- 17.03.2021, 17:10,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Быйылкы жылдын жазында Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар болот. Бул тууралуу брифинг учурунда ЕЭК коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкина билдирди.
Анын айтымында, 31-мартта ЕЭК кеңешинин жыйыны өткөрүлгөнү жатат. Ага биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн вице-премьерлери катышып, анда төмөндөгү маселелер каралат:
- товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоодогу бирдиктүү механизмдер;
- ЕАЭБдин алкагында товарларга навигациалык мөөр коюу келишиминин долбоору;
- 2025-жылга чейинки стратегияны ишке ашыруу пландары;
- ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүндө сырткы электрондук соода боюнча эксперимент жүргүзүү маселелери.
30-апрель күнү Казань шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жолугушуусу күтүлүп жатат. Күн тартибинде төмөнкү маселелер коюлган:
- ЕАЭБдин өндүрүш саясаты боюнча стратегиялык документтер;
- органикалык айыл чарба азыктарын ээн-эркин ташуу боюнча жол картасы.
21-майда Нур-Султанда Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Өлкө лидерлери бир катар маселелерди карайт:
- Бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногунун иштеши талкууланат;
- транс чек аралык рыноктордо атаандаштыктын абалы боюнча доклад окулат.
Ушул эле иш-чаранын алкагында Евразия экономикалык форуму өтөт, форматы такталып жатат.
25-май күнү ЕЭКтин интеграция жана экономика блогу жашыл экономиканын негиздери боюнча тегерек стол өткөрөт.
