У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: Ушул “жаныңдагыларыңды тазала” деген дүжүр сөзгө айланды


 Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «КАБАР» агенттигине берген маегинде берилген суроого жооп берип жатып билдирди.
 
Маек учурунда журналист: «Соцтармактагы активисттер сиздин айланаңызда “күмөндүү же репутациясы начар адамдар топтолуп калууда. Айланаңызды тазалаңыз” деген чакырыктарды жазып калышат. Командаңыз купулуңузга толдубу? Ар бир мүчөсүн өзүңүз тандадыңызбы?»,-деген суроону узаткан.
 
«Ушул “жаныңдагыларыңды тазала” деген дүжүр сөзгө айланды. Айланамда жүргөндөрдүн баарын көзөмөлдөп турам. Мурдагы ишмердиктери, репутациясы мени кызыктырбайт. Мен башында эле сүйлөшкөм. “Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң – мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң камаласың” деген талап менен иштетип келе жатам. Мамлекет башына келгенден кийин жоопкерчилик мойнуңда болот экен. Сарсанаа болот экенсиң. Мамлекеттин ишин тартып кете турган кадрларды издей баштайт экенсиң. Бирөөнү тапсаң - таза, бирок потенциалы төмөнүрөөк. Бирөөнү тапсаң, элдер айткандай, репутациясы начар, бирок мамлекеттик ишти удургуткан бойдон тартып кетет. Анан аны менен ушинтип сүйлөшүп алып иштетишке туура келет экен. Жеке эле мага эмес, элге дагы мамлекеттин иштери дүркүрөп алдыга жылып турушу керек да акыры. Анан эле тиги жегич, бул жаман деп олтура берсек алдыга жай жылабыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм. Эгер жегенин билип калсак камайбыз. Жегенин жүз эсе кылып кайтартабыз. Мурдагы заман жок азыркы чиновниктерге»,-деп жооп берген Садыр Жапаров. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter