Атамбаев кайрадан айнекти тээп, сот залынан чыгып кетти…
- 20.04.2022, 15:39,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
20-апрелде Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуна соттук отурум уланды.
Соттук отурумга судья Азирет Медеров төрагалык кылууда.
Соттук оутурумдун жүрүшүндө экс-президенттин адвокаты Замир Жоошев Алмазбек Атамбаев суроолорго жооп бербей турганын билдирди.
«Соттук отурумду Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өткөрүүнү суранам. Анын 3 грыжасы бар, ал көпкө отура албайт», - деди жактоочу.
Отурумга катышпоо максатында Алмазбек Атамбаев айнекти тээп, каршылык көрсөттү, сот аны тартипти бузганы үчүн сот залынан чыгарды. Атамбаев үчүнчү жолу соттук отурумда тартип бузуп, отурумга катышпай чыгып кетти.