У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атамбаев: Мени шылдыӊдап, кыйнабай, өмүр бою кескиле…


Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча соттук отурум улантууда.
 
Экс-президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов да сотко алынып келинди. 
 
Буга чейин экс-президенттин адвокаты жыйынды онлайн өткөрүү өтүнүчүн келтирген. Бирок сот буга эч кандай негиз жок деп эсептейт.
 
Айыпталуучу Алмазбек Атамбаев сотто тартипти бузууга аргасыз болгонун билдирди. Анын айтымында, анын үч грыжасы бар, алар боюнча МРТнын тиешелүү корутундусу бар. 
 
«Мен бул жерде отура албайм. Ошондуктан соттук отурумду бузууга арагасыз болуп жатам. Сот мени сот залынан чыгарат деп ишенем. Анын буга укугу бар. Мени өмүр бою кескиле, акмактар! Бирок мени шылдыӊдап,кыйнаганды токтокула, дагы айтам, өмүр бою кескиле. Мындай башаламандыкты токтоткула!», — деп Алмазбек Атамбаев айнекти тээп баштады. 
 
Натыйжада ал жолугушуу залынан чыгарылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter