У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайлообек Атазов: Коррупционерлер бар, алардын аттарын ачык айтууга даярмын


Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңеш Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, экинчи окууга кайра кароого жөнөттү. Парламент жыйынында депутат Шайлообек Атазов аталган мыйзам долбоору жарабай турганын айтып, министрлер кабинетин сынга алды. 
 
«Кооз сүйлөп, мыйзам долбоорлорун түрткөндү токтоткула. Мурда бардык совхоздор талкаланса, азыр да ушул жол менен бара жатат. Айылдагы жашоочулар менен бир да жолу жолугушуу болгон эмес. Элди алдап жатасыңар. Буга чейин да парламент бул мыйзам долбоорун артка кайтарган. Ошондо да 1-2 коррупционер-депутат колдогон. Биз колдобойбуз. Балким, бул долбоордун артында биздин жарандардын аты менен жер алысы келген эл аралык күчтөр турушу мүмкүн”, - дейт депутат.
 
Депутат Балбак Түлөбаев Шайлообек Атазовдун кесиптештерине карата айтылганы сынын жактырган жок.
 
«Эгер мен туура түшүнсөм, мыйзам долбоорун коррупционер депутаттар гана колдойт деп айттыңыз. Мен колдойм? Мен коррупционерминби? - ал сурады.
 
"Мен сиздин фамилияңды атаган жокмун. Бирок коррупционерлер бар, кааласаңыз, алардын атын атаганга даярмын», - деди Шайлообек Атазов.
 
Белгилей кетсек, азыр парламентте 500 миң гектар жерди түзгөн жакшы чөп чыкпаган, кунарсыз жайыттарды өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда. Министрлик өздөштүрүлгөн жайыттар жеке менчикке берилбей турганын, айыл чарба аянтынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилип, 5 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилерин белгилеген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter