У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Милиция Шайлообек Атазовдун добуш сатып алуу фактылары боюнча иликтөө иштерин баштады

 
Свердлов РИИБнин кызматкерлери Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазовдун добуш сатып алуу фактылары тууралуу арыздар боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнү баштады. Бул тууралуу БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу билдирди.
 
Материалдар милицияга өткөрүлүп берилгени такталууда. 
 
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, эгер Атазовдун добуш сатып алуу фактылары тастыкталса, анда Атазов боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо дайындалат.
 
Буга чейин Бишкек административдик соту Абдурахманхаджи Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырган. Шайлообек Атазов добуштардын саны боюнча экинчи орунда турат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter